Кытай тартип сакчылары 17 жылдын бери издөөдө жүргөн адамды дрондун жардамы менен кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Сун Цзян аттуу адам аялдарды жана балдарды кулчулукка сатуу айыбы менен камакка алынган. 2002-жылы кылмышкерлерди кармоо лагеринен качып кеткен. Андан бери 63 жаштагы кылмышкер издөөдө болуп, табылбай келген. “Тартип сакчылар сентябрь айынын башында Сун Цзяндын жүргөн жери тууралуу маалымат алышат. Алар Юньнань провинциясындагы кырка тоолорго жөө барып, кылмышкерди таппай, дронду учурушат. Аска-зоолордун арасынын кичинекей үңкүрдү жана анын жанындагы азыктардан чыккан таштандыны көрүшөт. Аталган жерге барышып, кылмышкерди колго түшүрүштү”, - деп жазылат маалыматта.
Сун Цзян адамдар менен көп убакыт сүйлөшпөй калгандыктан, элементардык сөздөрдү да айталбай койгон. Учурда ал кайрадан түрмөгө жиберилди.