Бишкекте 2 өспүрүмдү зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-августта билдирди. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну Т.К. анын 12 жаштагы баласын жаңы конуштардын биринде 40-45 жаштагы киши зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу арызы менен кайрылган. Ошондой эле 34 жаштагы Н.Т. анын 14 жашар уулун бирөө зордуктаганга аракет кылгандыгын айтып, милиция кызматкерлерине кайрылган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында бул кылмыштарга шектелип 47 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.