WhatsApp тиркемеси эски телефондордогу кызматын токтотот

2020-жылдын 1-февралынан тарта WhatsApp мессенжери эски операциялык системдер менен жабдылган телефондордо өз кызматын аткарбайт. Бул тууралуу тиркеменин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, чектөө Android 2.3.7 жана iOS 8 операциялык системдерине киргизилет. "Биз бул чектөө менен дал ушул операциялык системди жаңылоону көздөп жатабыз. Бир канча функция каалаган убакытта өз кызматын токтотуп коюшу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Муну менен тиркеменин иштеп чыгуучулар Android 4.0.3 жана iOS 9 же операциялык системдин акыркы версияларын колдонууну сунушташат. WhatsApp тиркемеси дүйнөдөгү эң белгилүү байланыш мессенжери.

2018-жылдын февраль айынын маалыматына караганда тиркемени бир жарым миллиард адам колдонору белгилүү болгон. Белгилей кетсек, WhatsApp тиркемеси 2009-жылы Ян Кум жана Брайан Актон тарабынан негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
arena2014
2019-10-01 11:17:36
Кыргызстандале 6 000 000 адам колдонотко)
+2
titanik32
2019-10-01 11:28:38
Өлбөдүбү эми дагы функциясы жаңы телефон алабызбы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан