Футбол боюнча жаштар курама командасы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарына даярдыгын баштады

Футбол боюнча 19 жашка чейинки жаштар курама командасы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарына машыгууларын баштады. Футбол федерациясы билдиргендей, команданын машыктыруучусу Игорь Никитин 23 футболчуну чакырган.

Кыргыз курама командасы D тайпасында Иран, БАЭ жана Непал менен ойнойт. Оюндар 6-ноябрдан 10-ноябрь аралыгында Иранда өтөт.

Кыргыз курама командасынын курамы (U-19):

Дарбазачылар: Мейманов Бексултан («Илбирс-2»), Прядкин Артём («Илбирс»), Чомоев Султан («Дордой-2»)

Коргоочулар: Кумар уулу Баяман, Артюков Даниил (экөө тең «Илбирс»), Уланов Эгемен, Нурлан уулу Адилет, Токтомажинов Даниэль, Асанкожоев Алтай (бардыгы «Дордой-2»), Лесков Егор, Сатылганов Рустам (экөө тең «Илбирс-2), Мурсакулов Алишер («Хюрт», Германия)

Жарым коргоочулар: Керезбеков Мидин, Жолдошбеков Атай (экөө тең «Абдыш-Ата»), Шигайбаев Эмир («Анталяспор»), Бекбердинов Мирлан («Илбирс-2»), Аджимамбетов Айдар, Руслан уулу Ажибек (экөө тең «Дордой-2»)

Чабуулчулар: Артыкбаев Рыскелди (Дордой»), Сатиханов Шохжахон («Дордой-2»), Абилов Эрназ («Илбирс»), Сталбеков Нурдөөлөт («Академия-Лидер»), Манасов Сардоржон («Кызыл-Кыя»)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан