Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин этникалык кыргыз аялга сыйлык тапшырды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытай Эл Республикасынын билим берүүсүнүн 70 жылдыгына карата этникалык кыргыз Бурмакан Молдого мамлекеттик "Эл баатыры" сыйлыгын тапшырган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара 29-сентябрь күнү Пекин шаарында өткөн. Бурмакан Молдо Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна караштуу Улуу-Чат айылынын тургуну. Ал 50 жыл бою Кытай чек арачыларынын 4 миң метр бийиктикте жайгашкан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин кайтарууга жардам берген. Ошондой эле айыл элин бул ишке тартып, улуттук коргоо жаатына чоң салым кошкон.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tular
2019-10-01 23:00:11
Чоң апага андай иши үчүн үй-жай бериш керек эле.
Бул чоң апаны бизге Баткенге алып келип алышыбыз керек экен. Бөлөк мекенди коргогуча өз мекенди корготолу...
+3
mirlanpiter
2019-10-01 23:21:32
tular,Баткенге губернатор кылып койсок да болот,,чек арадан тажиктерди өткөрбөйт
+2
Aidar.001
2019-10-02 00:18:36
Бул апабыздын шылтоосу менен КНР биздин дагы бир жерибизден алтын казганы калдыбы дейм! Сыйлык куттуу болсун асыл эне, баатыр эне! !
+2
akmanai
2019-10-02 02:14:03
Сыйлабай койсо билинбей калмак. Эмгегин баалап, сыйлаганы анын кыргыздарга жасаган кошаматы же корккону эмес. Бул анын инсандыгы, адамгерчилиги! Сыйлыгыныз куттуу болсун!
+1
Tolkun555
2019-10-02 09:45:35
Сыйлык кут болсун. Кытайда баатыр деген сыйлыкка жетуу ото кыйын болсо керек.Канчалаган эмгеги менен жетсе керек. Бизге Кыргызстанда ак уйду басып алсан баатыр болосун.
+3
tynar92kg
2019-10-02 10:54:25
Сыйлыгыныз кут болсун алтын эне!!! Озунуз кытайда жашасанызда кыргыздын баалуулуктарын жоготпой башынызда жоолук,устунуздо чапан мн Пекинге чейин барыпсыз. Бизде Кыргызстанда кээбир энелер жоолук эмне экенин унуткан. Чачты болсо кырккан, к
+1
Tolik777
2019-10-02 14:33:54
Чек араны коргоо? Кытайды ким басып алмак эле? Кытай бизди басат го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан