WhatsApp'та билдирүүлөр жоголо баштайт

WhatsApp'та билдирүүлөр жоголо баштайт. WhatsApp тиркемесинин иштеп чыгуучулары бул жаңы функцияга тестирлөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка ылайык, ал программанын жаңы версиясында (2.19.275) пайда болот. Тактап айтканда, билдирүү чаттан белгилүү бир убакыт аралыгында жок болуп кетет. Аны ар бир колдонуучу өз алдынча калыбына келтире алат. Ал функция бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болору али белгисиз.

Буга чейин WhatsApp тиркемеси эски смартфондордо өз кызматын токтотору айтылган. Муну менен тиркеменин иштеп чыгуучулар Android 4.0.3 жана iOS 9 же операциялык системдин акыркы версияларын колдонууну сунушташкан. WhatsApp тиркемеси дүйнөдөгү эң белгилүү байланыш мессенжери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан