Нарындын Кочкор районунда сел жүрүп, Ормон-Хан айылындагы көчөлөрдү каптады

11-август күнү саат 04:00 чамасында Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында сел жүрдү. ӨКМ селдин кесепетинен Ормон-Хан айылындагы суткалык жөнгө салуучу бассейниндеги суунун деңгээли көтөрүлүп, айылдын ичиндеги көчөлөрдү суу каптап, кичи көпүрөлөргө коркунуч алып келгенин билдирди. Суу каптаган аймакта Кочкор райондук куткаруу кызматынын кызматкерлери, айыл тургундарынан 200-250 жаран тартылып, суунун айылды каптап кетүүсүн алдын алуу максатында кум толтурулган каптан тосмо курушту. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан