Эркек адам балдары менен көп кабаттуу үйлөрдүн тогузунчу кабатынан секирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
“Эркек адам балдардын атасы болгон. Балдардын бири - кыз төрт жашта болсо, анын иниси бир жарым жашта экени айтылууда. Атасы менен бир жарым жаштагы баласы жеринде каза тапкан. Ал эми кызды оор абалда ооруканага жеткиришкен. Бирок кыз, бөбөк дагы өзүнө келбей көз жумган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган жок”, - деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча иликтөө башталып, себептери такталууда. Орусиядагы балдар акыйкатчысы бул ишти өз көзөмөлүнө алды.