Австралияда кенгуруларды атууга уруксат берилди. Бул тууралуу австралиялык басылмалар жазышты.
Австралиянын гербине түшүрүлгөн кенгуруларды көрүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтердин саны арбын. Бирок учурда кенгурулардын саны өтө эле көп болгондуктан, австралиялыктардын жашоо-турмушунда чоң маселе жаратууда.
Маалыматка ылайык, учурда кенгурулардын саны 45 миллионго жетти. Бул жашыл континенттин калкынын санынан 2 эсе көп дегенди түшүндүрөт. Бул маселени чечүүдө бийлик өкүлдөрү аларды атууга уруксат беришти. Кенгурулардын саны көрсөткүчтөн жогору болгон аймакка Виктория штатынын аймагы жана 7 район кирген. Кенгурулардын көптүгүнөн дыйкандар жабыр тартып жатышкандыгы айтылат. Австралиянын фаунасына, деги эле айлана-чөйрөгө зыян алып келүүдө.
Виктория штатынын айыл чарба министрлигинен билдиргендей, өлтүрүлгөн кенгурулардын эти үй жандыктарына азык катары кайра иштетүүгө жиберилет. Буга чейин деле кенгурунун эти көптөгөн соода дүкөндөрүндө сатылып келген.