
Байкоо үчүн орнотулган камера Тайвандын Илан уездинде болгон арка түрүндөгү көпүрөнүн кантип ураганын видеого тартып калган.
Ал кадрлар менен Сингапурдун телеканалдары бөлүшүп, коомду кабардар кылууда. Аталган окуя, кечээ 1-октябрь күнү болгон.
Кадрдан көрүнүп тургандай көпүрөдөн бензин цистернасы өтүп бара жаткан. Бирок ал көпүрөдөн өтүүгө жетишпей кулап кеткен. Ал учурда сууда жүргөн балыкчылар, жөн эле жолоочулар жана башка элдер кырсыктын алдында калган.
Окуянын кесепетинен айдоочу менен бирге онго чукул адам ооруканага жаткырылган. Мындан сырткары, Кайгуул кызматынын эки өкүлү да жарадар болгон.