Кытайдын Ланчжоу шаарында стритбол боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө Кубогу старт алды. Анда алгачкы беттешинде Кыргыз өлкөсү Украина менен кез келди.
Беттештин жүрүшүндө украиналык баскетболчулардын чабуулдары таамай болуп жатты. Жыйынтыгында эсеп саны 22:9 болуп Украинанын пайдасына чечилди.
Эртең, 3-октябрда кыргыз спортчулары Бразилия менен ойнойт.