SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" аталышындагы клиби кошулду.
25-СЕНТЯБРДАН 2-ОКТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунду - "Музаман" тобунун "Жубайыма" аталышындагы видеокомпозициясы камсыздады.
8-орун - Айпери Сыдыкованын "Бакыт издери" чыгармасына буюрду.
7-орунду - Назми менен Куралбек Чокоевдин "Бул ким?" видеокомпозициясы ээледи.
6-орунду - Динара Акулованын "Балама" видеоклиби ээледи.
5-орунду - Данияр Эрматовдун "Кыргызмын мен" чыгармасы багындырды.
4-орунга - Нурмат Садыровдун "Келчи" видеоклиби жайгашты.
3-орун - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - 60`К тобу менен Айя Садырованын "Сүйүү балы" видеокомпозициясы камсыздады.
1-орун - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.