Кытайдын Гуйчжоу аймагында эркек киши акча топтоп, ишкерлигине жумшоо үчүн жасалма үлпөт той берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал досторду убактылуу ижарага берүү агенттигинен Сяо Ли аттуу айымды келинчеги катары жалдаган. Сяо Ли кишинин туугандарынын жана досторунун алдында 22-августтан 28-августка чейин келинчегинин ролун аткаруусу керек болгон. Жалданган айымга ар бир күнү үчүн 521 юань төлөнмөк. Кыздын айтымында, үйлөнүү үлпөт тою 25-августта болуп өткөн. Киши кызга жатаканасын, тамагын жана жол киресин толук камсыздоого жана убадаланган сумманы толук төлөп берүүгө сөз берген. Тойго келген коноктордон түгөйлөргө 60 миң юань түшкөн. Алдын ала сүйлөшүлгөндөй акчаларды киши алган. Үлпөттөн кийин түгөйлөр дагы бир канча күн аталган аймакта болушкан. Бирок Сяо Линин ижара боюнча иштөө мөөнөтү соңуна келгенде, убадаланган акчасын төлөп бербестен, изин жашырып кеткен. Кызды бардык социалдык тармактардан өчүрүп, байланышын үзүп салган. Сяо Ли юристтерге кайрылганда, кагаз түрүндөгү келишим жок болгондуктан, жыйынтык оң жагына чечилбей тургандыгын айтышкан.