Казакстандык популярдуу ырчы Димаш Кудайбергендин "Знай" аталышындагы жаңы клиби жарык көрдү. Клиптин режиссёру болуп украиналык Алан Бадоев эсептелинет. Бирок ырчынын клиби жарык көрөрү менен көрүүчүлөрдүн негативдүү талкуусуна түштү.
Алардын айтымында, Димаштын үнү өзгөчө болгону менен клип аткаруучунун ырына төп келбей, кунарсыз тартылып калган.
Чыгарма Михаил Гуцериевдин сөзүнө жазылган. Ал эми обону белгилүү орусиялык композитор жана продюсер Игорь Крутойго таандык болуп эсептелинет. Клиптин бет ачары Исландия өлкөсүндө өттү.
"Клип өтө күңүрт жана кунарсыз тартылган. Көзүмдү жумуп, тек гана ырды тыңдап уктум. Димаш сенин үнүңдө сөз жок. Бирок сенин керемет үнүңө бул клип ылайыктуу эмес!", - деп жазган колдонуучулардын бири.
Ал эми Димаш Кудайбергенге эч нерсеге көңүл бурбасын айтып, АКШ өлкөсүнө кетип, ошол жакта иштөөсүн сунуштаган күйөрмандары дагы болду.
Буга чейин аталган клип Исландия өлкөсүндө тартылып жатканы тууралуу жазганбыз.