11-августта Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. Кырсыктан көз жумгандар жок.