Эки аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Эки жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-августта билдирди. Жол кырсыгы 4-августта болжол менен саат 21:00дө болгон. Токмок шаарында жолдон өтүп бара жаткан 2 аялды унаасы менен сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден изин жашырган. Ал эми жабыркаган Ош облусунун тургундары 66 жаштагы Н.А. жана 68 жаштагы О.А. оор жаракат алышып, ооруканага жеткирилишкен. Бир нече сааттан кийин жандандыруу бөлүмүндө О.А. каза болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун Тамчы айылынын тургуну, 1984-жылы туулган Т.Н. кармалган. Учурда шектүүнүн Форд Фокус үлгүсүндөгү унаасы атайын унааларды токтотуучу жайга жеткирилип, айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалган. Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан