Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында өтө турган Кыргыз өлкөсү - Мьянма беттешине билеттер бүгүн, 3-октябрда сатыкка чыкты. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.
Билеттердин баасы 250 сомдон баштап 500 сомго чейин түзөт.
Аталган беттеш Кыргыз өлкөсү үчүн өз үйүндөгү алгачкы оюну. Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 10-октябрда өтөт. Башталышы саат 20:30да.