Германияда 8 жыл мурда каза болгон наабайчынын жансыз денеси өз үйүндө табылды

Германиянын батыш тарабындагы Зенден шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 59 жаштагы кишинин 8 жылдан бери жаткан жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, өрт өчүрүү кызматкерлери жашоочуларды эвакуациялоо үчүн батирлерди кыдырып, кароо жүргүзүшкөн. Бир батирдин эшигин эч ким ачпагандыктан, өрт өчүрүү кызматкерлери үйдүн эшигин сындырып киришкен. Үйдүн ичинен 8 жыл мурда каза болгон 59 жаштагы үйдүн ээсин итинин өлүгү менен кошо табышкан.

Ал 59 жаштагы Хайнц аттуу тургун болгон. Аны акыркы жолу 2011-жылы көрүшкөн. Анын почта кутучасы ар түрдүү каттарга жана билдирүүлөргө толуп кеткен. Ал эми короодо анын эскилиги жеткен унаасы токтоп турган. Кошунасы Анжелика Хванер үйдөн келип жаткан жагымсыз жыттан улам ар түрдүү мекемелерге кайрылганын билдирди. Бирок алардын бири да бул жыт өлүктөн келип жаткандыгынан шек санашкан эмес. Коңшусунун айтымында, киши наабайчы болуп иштечү бирок ундан аллергия болгондугунан улам жумушунан кеткен. Ал эч кимге зыяны жок жакшы киши болгонун жана кез-кезде ага тамак алып келип берип тургандыгын кошумчалган. Киши көрүнбөй калганына кабатырланганда дагы бир коңшусу ал досунун үйүнө көчүп кеткен болуш керек деп тынчтандырып койгон. Ал эми аялы менен мурда эле ажырашып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aikaaaa
2019-10-03 18:01:47
Бул кишишин туугандары да жок го, болбосо издешет беле?
+4
taalay25
2019-10-03 22:27:24
Aikaaaa,немецтерде каада салт биздей эмес
+1
gulzat85
2019-10-04 07:28:46
Иии шумдук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан