Жалал-Абадда 46 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө 6 сааттан ашык операция жасалды

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясынын илимий борборунда 46 жаштагы бейтапка жасалган операция 6 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктаган. Уникалдуу операцияны Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясынын илимий борборунун жетекчиси, профессор Калдарбек Абдраманов жасаган.

Мындан улам SUPER.KG порталы Абдраманов менен байланышып, операциянын жүрүү процесси тууралуу комментарий алды.

"Операциянын уникалдуу болгонунун себеби жүрөктүн үч клапанында кемтик (порок) бар болгон. Жүрөктүн митралдык капкагы айрылып кеткен, аорта капкагында тубаса кемтик болуп, демейдегидей үч эмес, эки эле капкак болсо, үчүнчү дагы бир чоң үч капкактуу клапандын шакеги кеңейип кеткен.
Андан сырткары, оорулууда инфарктын кесепетинен коронардык тамырлары жабылып калган.
Мындай татаал жүрөк ооруларынын комбинациясы жана аларды бир эле убакта хирургиялык жол менен калыбына келтирүү медицинадагы уникалдуу өтө чанда кездешчү окуя
”, - деди Абдраманов.

Операция 1-октябрь күнү жасалган. Учурда бейтаптын абалы калыбына келип, өз алдынча басып, тамактанып калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rysik79
2019-10-03 16:23:23
Кудайым шыпаасын берсин. Бире-толо анча акчасын шыпырганын да жазса болмок.
0
begim1002
2019-10-03 19:31:44
rysik79,шыпырганы дегени эмнеси. Адам омурун сактап атпайбы. Алат да аппараттарына колунда иштеген врач,медсестраларга,уборщицаларга.
+2
Aikaaaa
2019-10-03 18:06:02
Канча акчасы кетсе да, жакшы болуп кетсин, акыбети кайтып
+4
begim1002
2019-10-03 19:33:04
Кудайым ушул кишиге узун омур чын ден соолук берсин. Ылайым колу дарт корбосун
+2
kayratbek81
2019-10-03 19:38:13
Машаллах бул профессор Абдураманов Калдарбек Алишерович биздин айылда коп адамга жардам берди кылган иши менен сыймыктанган адам.
+3
kechirmeni
2019-10-04 10:41:24
Бул кишинин омурун Кудайым узун кылсын,элге коп кызмат кылсын, Ош шаарындагы Ош-Кардиодо да жакшы жасайт деп уккамын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан