Кыргыз суучулу Денис Петрашов Дүйнө Кубогунун алкагындагы мелдештерине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалым болгондой, Петрашов 4-6-октябрь күндөрү Будапешт (Венгрия) шаарындагы мелдешке жана 11-13-октябрь күндөрү Берлинде (Германия) өтө турган эл аралык мелдеште күч сынайт.
Буга чейин Денис Петрашов Токио-2020 Олимпиадасына эки жолдомо утуп алган.