Ысык-Атада эки киши арматура менен катуу сабалды. Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эки кишини арматура менен сабап, денесине залал келтирген факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"28-сентябрь күнү Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда денесинен ар түрдүү жаракат алган эки эркек киши ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымдалган.

Ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканага түшкөн жарандардын аты-жөнү такталып, алар Дружба айылынын тургундары 31 жаштагы Д.Р. жана 30 жаштагы Б.О. экендиги аныкталган. Жабырлануучулар ички иштер органдарына арыз жазышкан. Арыздануучулар жергиликтүү жашоочулар менен пикир келишпестик болгонун, мындан улам аларды сабап салганын билдиришкен.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси (бейбаштык) менен катталган. Учурда тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалып, окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тиешелүу кызматтарга көрсөтмөлөр берилди", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан