Иракта өтүп жаткан көтөрүлүштө 12 киши каза болуп, жарадар болгондордун саны 600дөн ашты

Иракта эки күндөн бери элдик көтөрүлүш өтүүдө. Көтөрүлүшкө чыккандар жашоо шарттын жакшырышын талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Саламаттыкты сактоо, билим берүү, эмгек жана коррупцияга каршы күрөшүү сыяктуу бир катар маселелердин чечилишин талап кылган көтөрүлүштө эки күн ичинде 12 киши каза болуп, 650дөн ашык киши жарадар болгондугу айтылууда. Каза болгондордун 11и көтөрүлүшкө катышкан жарандар болсо, бири коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери. Жарадар болгондордун 87си куралдуу күчтөрдүн кызматкери болгон.

Көтөрүлүшкө чыккандардын 122си кармалып, бирок көпчүлүгү кайра коё берилди. Буга чейин Ирактын премьер-министри Адиль Абдуул-Махди аль-Мунтаафики өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу коменданттык саат киргизгендигин айткан. Ошондой эле социалдык тармактарга кирүүгө да чектөөлөр киргизилген.

Көтөрүлүш 1-октябрь күнү Багдад шаарында башталып, кийинки күнү Зи-Кар, Васит, Нажаф, Диванийя, Бабил аймактарына да жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Avrora2017
2019-10-03 23:31:18
Вот башталды следующий очередь иран
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан