11-августта саат 8:00 чамасында Аламүдүн районунда 2 кичи автобус кагышып, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Алма-Ата көчөсүндө Форд-Транзит үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу, 30 жаштагы Д.Н. 31 жаштагы Д.У. башкарып келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 айдоочу жана 9 жүргүнчү жаракат алышып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча соттук-автотехникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жол кырсыгынан жабыркагандар:
1989-жылы туулган Айбегим Макулова;
1976-жылы туулган Чынара Казакбаева;
1940-жылы туулган Рустем Забиров;
1970-жылы туулган Ирина Турдиева;
1971-жылы туулган Рустам Турдиев;
1976-жылы туулган Наталья Кравцова;
1970-жылы туулган Жибек Таштанова;
1988-жылы туулган Айсулуу Султаналиева;
2013-жылы туулган Гүлиза Абылова.