Махатма Гандинин юбилейинде анын өрттөлгөн сөөгүнүн күлүн уурдап кетишти. Белгисиз адамдар 2-октябрда Индиянын борбордук бөлүгүндөгү Мадхья-Прадеш штатындагы Махатма Гандинин мемориалда сакталган өрттөлгөн сөөгүнүн күлүн уурдап кетишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматта жазылгандай, бул окуя Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери Махатма Гандинин 150 жылдык юбилейин белгилөө күнү болгон. "Юбилейге байланыштуу эртең менен дарбаза ачылган, ал эми кечинде келгенде Гандинин өрттөлгөн сөөгүнүн күлү жоголуп кетти" деп билдирди мемориалдын кызматкери. Анын айтымында, белгисиз адамдар лидердин плакатын бузуп, "чыккынчы" деген жазууну калтырып кетишкен. Жергиликтүү полиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө деп жазылат маалыматта.
Махатма Ганди 1948-жылы каза болгон.