Ысык-Көлдө жаштар жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия Кубогу старт алды. Мелдештин алгачкы күнү Кыргыз өлкөсүнөн алтын медалды Ханболот Ырысбеков жеңип алды.
Кыргыз өлкөсүнүн Дзюдо федерациясы билдиргендей, Ырысбеков 55 килограмм салмак ченинде финалда орусиялык Михаил Блинов менен кез келип, кыргыз спортчусу жеңип алды. Жыйынтыгында алтын медалга татыды.
Белгилей кетсек, Ханболот Ырысбеков жаштар арасындагы дүйнөлүк рейтингде 5-орунда турат.
Ошондой эле бул күнү Эдилбек Субанбеков, Данияр Элисов, Абель Бакытбек уулу жана Алиман Маликова күмүш медаль жеңишти.