Ош шаарындагы Адам укугу жана демократия борбору тарабынан жакында аялдардын саясий укуктары боюнча маалыматтык борбор иштеп баштайт. Аталган борбордун директору Идирс Кубатбековдун айтымында, борбордун колдонуучулары зарыл болгон учурда интернетке туташтырылган компьютерлерден укуктук адабияттар менен таанышып, “Токтом” укуктук-маалымат системинен юридикалык жактан түрдүү кеп-кеңештерди алууга болот.