Бүгүн, 4-октябрда мушкер Канат Келдибеков Орусиянын Грозный шаарында АСА (Absolute Championship Akhmat) мелдешинде беттешке чыкты.
Маалым болгондой, "Тайсон" каймана аты бар Келдибеков 61 килограмм салмакта орусиялык мушкер Дукваха Астамиров менен кез келди. 5 мүнөттүк 3 раунддук беттеште Келдибеков активдүүлүгүн көрсөттү. Жыйынтыгында калыстар кыргыз мушкерин жеңүүчү деп тапты.
Бул Келдибеков үчүн карьерасындагы 13-жеңиши.