"Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова чыгармачылыктан тышкары дүкөн иштетип, тармактык бизнес менен дагы алектенип келген. Ал тармактык бизнесте иштеп жүрүп миллиондон ашуун сом чыгашага дуушар болгонун айтты. Ырчы тармактык бизнеске 2017-жылы шоу-бизнес өкүлүнүн чакыруусу менен барып, жакшы эле иштеп жүргөнүн билдирди.
"Жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип жатканда, тармактык бизнес боюнча суроо беришти. Ошондо бул иш менен алектенүү туура эмес экенин, динде дагы уруксат берилбептир деп, тармактык бизнестен кантип кеткеним тууралуу айткам. Карызга батканым өзүмдүн укугумду билбегенимден болду. Анткени жумушка орношуп жатканда келишимде "Өз ыктыярым менен келдим. Эч кимге арыз-доом жок" деген пункт бар экен. Мен ага көңүл бурган эмесмин. Көрсө биздин команданын үстүнөн арыз түшүптүр. Милиция кызматкерлери келип бизди алып кетишти. Мен команда мүчөсү катары аягына чейин жүрдүм. Аягында тергөө бөлүмүндө жалгыз калып, жолдошум Мүзүргө чалып эмне болгонун айттым. Жолдошум кайним менен кошо келишти. Ошондо кайним "жеңе сиз өз укугуңузду билбегениңизден болду, келишимди жакшылап окусаңыз болмок" деп айтты".
Бул чуулгандуу окуядан кийин Гүлмира Шарипова тармактык бизнестен чыгып, башка компанияга кирген. Бирок анын алдына жазылган кишилер акчасын талап кылып, карызга батканын кошумчалады.
"Бул окуядан кийин алдыма жазылган кишилердин акчасын кайтарып берем деп казакстандык бир компанияга ишке орноштум. Ал жакта күнү-түнү иштеп жүрүп, унаалуу дагы болдум. Андан кийин деле жакшы көрсөткүч жасадым, ошондо мага байге берели дегенде болбой койгом. Бул компаниянын иши токтоп калды. Мындан улам алдыма жазылган кишилердин акчасын чыгарып берем деп жолдошум Мүзүрдүн айдап жүргөн унаасын саттырдым. Мүзүргө айтпай бир нече адамдан карыз алдым. Ошентип миллиондон ашык сомго карыз болуп калдым", - деди ал.
Тармактык бизнестен чалындым дегенден кийин Кыргыз өлкөсүндөгү айрым компанияда иштегендер тынчымды алып жатат деди Гүлмира Шарипова. Ага ар кандай адамдар СМС каттарды жазып, коркутуулар дагы болуп жатканын билдирди.
"Сен компаниянын атын булгадың деп жазып, чалып дагы жатышат. Бирок мен компаниянын аталышын атаган эмесмин. Эмнеге алар өздөрүнө кабыл алып жатышат түшүнгөн жокмун. Айрымдары Андрей Малахов деле кечирим сурады ("Прямой эфир" теле берүүсүндө айткан сөздөрү үчүн Кыргыз өлкөсүнөн кечирим сураган), сен дагы кечирим сура дешти. Мен компанияны жамандабасам, болгону эмнеге иштебей калганымды айтканым үчүн кечирим сурамак белем. Айрымдары болсо "бул топ акыркы убактарда чыгарма жазбай калды, буларга хайп керек болуп жатыптыр" дешти. Кудайга шүгүр, чыгармаларыбыз бар, буюрса дагы жазылат", - дейт ырчы.