Жалал-Абад. Шаардык салык кызматы соода түйүндөрүн текшерип, патенти жок иштеген 2 ишкерди аныктады
Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндөгү 90дой күркө, дүкөн, ири соода түйүндөрүнүн патенттери текшерилди. Маалыматты бүгүн, 12-августта Жалал-Абад шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Улукбек Жумашев билдирди. Айтымында, текшерүү учурунда 2 ишкердин патенти жок болуп чыкты. Бирөөсүнүн патентинин мөөнөтү өтүп кетсе, экинчиси эч жерден каттоодон өтпөй иш жүргүзүп жатканы аныкталды. Аларга административдик айып салыныптыр. "Мындай рейддер жыл аягына чейин улантылат. Ишкерлерге айтарым, салыкты өз учурунда төгүп, патент алып мыйзамдуу жол менен ишиңерди жүргүзө бергиле",- дейт Жумашев.