Ат жалында шамалдай ойногон таш такым көк бөрүчүлөр намысты бербестен, "Журналисттер" курамасын утуп, "Суперфутбол-2019" турниринин жеңүүчүсү аталды

Бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан "Суперфутбол-2019" турнири өттү. Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан бул турнирде саясат, шоу-бизнес, көк бөрү жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда ат салышты.

Бүйүр кызыткан мелдештердин жыйынытыгында, "Саясатчылар" командасы 4-орунду ал эми "Шоу-бизнес" командасы 3-орунду алды.

Ал эми турнирдин финалында "Журналисттер" менен "Көк бөрүчүлөр" кез келип, күйөрмандарга жогорку деңгээлдеги оюн тартуулашты. Жыйынтыгында оюн 4:1 эсебинде жыйынтыкталып, көк бөрүчү балбандар 1-орунду ээлешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан