Актриса Анастасия Заворотнюк каза болду деген кептер тарады

Орусиялык актриса Анастасия Заворотнюк каза болду деген кептер тарады. Бул тууралуу айрым орус маалымат булактары жазып чыгышты. Кабарды уккан журналисттер актрисанын жакындарынан комментарий алууга ашыгышкан. Бирок аларга Заворотнюктун концерттик директору чыгып, маалыматты төгүндөгөн.

“Анастасия Заворотнюк жана анын жакындары анын ден соолугу, абалынын айланасындагы спекуляцияны токтотууну суранат. Адамдарды расмий гана маалыматтарга ишенүүгө чакырам”, - деген Стас Христов. Маалым болгондой, актриса дарыланып жаткан клиниканын кызматкери Анастасия Заворотнюктун каза болгонун актрисанын жакын досторунун бирине айткан. 6-октябрда анонимдүү калууну суранган досу ага маалыматты жайылтпоону суранышканын жана актриса тирүү экенин билдирди.

Актриса Анастасия Заворотнюк залалдуу шишик дарты менен жарым жылдан бери күрөшүп келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
futboler
2019-10-08 11:27:44
Кудай сактасын.
+2
Muslim_KGstana.
2019-10-08 12:06:51
Өлбөй эле калсынчы,фотодогу чын эле Анастасиябы?
0
Kairat1996
2019-10-08 12:46:08
Кандай гана керемет сулуу айым эле. Ушундай суулу кыздар коп болсун.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-10-09 00:39:58
Бетеге кетет,бел калат.Бектер кетет,эл калат.Эхх!Жашоо,мынча ширинсин!Настя,кандай гана сулуу элен,ботонукундай коздорун эле бир укмуш эле(((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан