UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Голливуд актрисасы Холли Берри менен чогуу тасмага тартылат. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.
"Холли менен таанышканыма кубанычтамын. Жаңы тасмада чогуу иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам", - деп билдирди Шевченко.
Маалым болгондой, тасма ММА мушкери жөнүндө болот. Холли Берри бул тасмада өзү режиссёр жана башкы каармандын ролун да аткарат.