Забайкальеде 50 жаштагы аял аюунун кол салганынан улам каза болду

Орусиянын Хилокский районундагы Забайкалье аймагында токойдогу жырткыч аюу 50 жаштагы аялга кол салып, жыйынтыгында ал каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Кечээ, 6-октябрь жекшемби күнү Тэрэпхэн кыштагына 100 метр жакын аралыкта 1969-жылы төрөлгөн аялдын жансыз денеси табылган", - деп жазылат маалыматта.

Райондук администрация аюунун аялга кол салганын тастыктаган.

Забайкалье аймагында аюулардын буга чейин дагы ал жердеги түшүмдүн аз болгонуна байланыштуу адам жашаган аймактарга чыгып келгени боюнча окуялар катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан