Бишкек ШИИББи: "Кылмышка шектүү жаран милицияга бычак менен тап берип, каршылык көрсөттү"

4-октябрь күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну И.С. аттуу жаран ага карата кол салуу болгону тууралуу арыз берген. Маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан таратты. Анда айтылгандай, белгисиз адам И.С. аттуу адамды ур-токмокко алып, бычак жана тапанча такап, 3 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын алып кеткен.

"Милиция батирдин дарегин аныктап, анда тинтүү жүргүзүшкөн. Ал учурда шектүү милицияга бычак менен тап берип каршылык көрсөткөн. Тартип сакчылары аны убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Ал эми батирден бычак, ок атуучу курал жана баңгизат табылды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды жана бул үчүн ага кошумча айып коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан