Орусияда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, батирде жалгыз калган 3 наристе жана башка батирдеги 2 адам каза болду

Орусиянын Волоколамск шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Белгилүү болгондой, өрт үйдөгү эки батирден чыккан. Анын кесепетинен 5 киши каза болгон. Алардын ичинен 4 адам жана 1 жаштан 5 жашка чейинки балдар болушкан.

Каза болгондор үйдүн 1-3-кабаттарында жашап жатышкан 2 үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени анык болду. Көп кабаттуу үйдүн 12 жашоочусу эвакуацияланган.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өрт жалмаган үч бала ошол учурда үйдө жалгыз болушкан. Ал эми башка батирде 30 жаштагы аял, 3 жаштагы баласы менен каза болгон.

Аларды сактап калууга мүмкүн болгон эмес, анткени иске ууланып калышкан. Жергиликтүү тургундар чарчап калган үч баланын атасы мындан эки ай мурун каза болгонун айтышкан. Апасы балдарын чоң атасына таштап, жумуштары менен кеткен. Окуя болордун алдында балдардын пенсиядагы чоң атасы бөбөктөрдү батирге таштап, жумуштары менен аз убакытка гана көчөгө чыккан. Учурда тиешелүү тараптар өрттүн келип чыгуу себептерин аныктап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raikakyz
2019-10-07 16:15:07
Жаман болуптур.Бейиштери болсун ылайым.
+5
Eli.91
2019-10-07 22:32:00
Алла Таалам бейиштеринен орун берген болсун.Байкуштарым эчнерсени корбой кете берипсинер.Булда болсо жараткандын бешенеге жазган сыноолоруда.Эмне демекбиз Эми туугандарына сабыр берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан