Жибек Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы "Globus" дүкөнү ачылды

Жаңы "Globus" дүкөнү ачылды

"Globus" дүкөндөрү көбөйүүдө! Бишкек шаарынын тургундары жана конокторунун жакшы көргөн "Globus" дүкөндөр тармагы күркүрөгөн күз мезгилинде, 4-октябрда жаңы дүкөнүн ачты. Аталган дүкөн көпчүлүк шаардыктар үчүн ыңгайлуу жерде ачылды – Жибек Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде.

Бул тармактын 21-дүкөнү. Кардарлардын бардыгын ар түрдүү ассортиментиндеги ар дайым жаңы жана сапаттуу товарлары менен 24 саат бою кубантат.

Globus – “Тоголок Молдонун” салтанаттуу ачылышына көптөгөн коноктор катышып, алардын ар бири жөн кетишкен жок.

Ар кандай сынактар, көптөгөн арзандатуулар, эстрада жылдыздарынын аткаруулары жана дүкөндүн ачылышына келген балдар үчүн атайын шоу уюшулду.

Globus тармагынын дүкөнү Жибек Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде ачылганы кардарларга дагы бир ирет жакындатты. Быйылкы жылы Globus Бишкекте ар кандай форматтагы бир канча дүкөндөрүн ачты. Ошондой эле "Globus" дүкөндөрү Токмокто, Кара-Балтада жана Александровкада ачылды.

Globus – бул пайдалуу сатып алуулар

Globus – бул ар дайым жеткиликтүү баалар жана бир гана сапаттуу товарлар.

Дүкөндөр тармагында 14 миңден ашык товарлардын түрлөрү бар. Бул жактан күнүмдүк көп эмес сатып алуулардан тышкары, ар түрдүү себептерге керектүү болгон товарларды сатып алууга болот.

"Globus" дүкөндөр тармагы мыкты өндүрүүчү жана жабдып туруучулар менен кызматташат, бул жогорку сапат жана кардарлар үчүн жеткиликтүү баа дегенди түшүндүрөт.

"Globus" дүкөндөрүнүн карта ээлерине жеңилдетилген программа иштейт. Аны менен бонус чогултууга, атайын арзандатылган бааларга сатып алуу жана ар кандай жагымдуу белектерди алууга болот.

Арзан баадагы товарлар базарларда гана болот деген түшүнүк азыркы учурда актуалдуу эмес.

Ооба! Globus тармагында ар дайым баалар төмөн!

Globus – бул комфорт жана коопсуздук

Пайдалуу жана жагымдуу сатып алуулардан тышкары, "Globus" дүкөндөрүнүн кардарларын комфорт күтүп турат.

"Globus" дүкөндөрүндө ар бир кардар үчүн ылайыктуу болуусу үчүн көңүл бурулат. Кенен өтмөктөр, товарлардын ыңгайлуу жайгашышы, текче жана витриналардагы жарык берүү, жагымдуу түстөрдүн айкалышы жана дүкөндөрдү ылайыктуу, комфорт жана коопсуз кылуу үчүн мындан башка бардык шарттар каралган.

Globus – “Тоголок Молдо” жаңы дүкөнү башка дүкөндөр тармактары сыяктуу өрт өчүрүү, санитардык жана техникалык коопсуздуктарга жооп берет. Ылайыктуу унаа токтотуучу жайын унаа сүйүүчүлөр сөзсүз баалашат.

Globus – "Тоголок Молдо" - бул дүкөндөр тармагын кеңейтүү үчүн олуттуу кадам. Жакшы көргөн дүкөндөр көп болушу керек: ар бир кыргызстандыкка бирден Globusтан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан