Кыргыз Премьер-Лигасы: "Дордой" "Алайдан" 4 упайга ашып кетти

Футбол боюнча Кыргыз Премьер-Лигасында 5-6-октябрь күндөрү 24-турдук оюндар өттү. Анда Бишкекте "Дордой" - "Илбирс", "Алга" - "Алай" жана Кара-Балта шаарында "Кара-Балта" "Нефтчини" кабыл алды. Кантта "Абдыш-Ата" "Академия-Лидер" менен ойноду.

"Дордой" "Илбирсти" 1:0 эсебинде жеңип алды. Жалгыз голду Фархат Мусабеков киргизди. "Алга" Бишкекте "Алай" менен ойноп, Кайрат Изаковдун голу менен женишке ээ болду. Бул жеңилүү менен "Алай" "Дордойдон" 4 упай артта калып калды.

24-турдук оюндар:

«Дордой» - «Илбирс» - 1:0

Гол: Фархат Мусабеков, 67 (1:0)

«Кара-Балта» - «Нефтчи» - 1:2

Голдор: Эсенбек Үсөн уулу, 47 (1:0), Владимир Луговых, 54 (1:1), Азамат Абдуллаев, 90+3 (1:2)

«Алга» - «Алай» - 1:0

Гол: Кайрат Изаков, 8 (1:0)

«Академия-Лидер» - «Абдыш-Ата» - 1:2

Голдор: Арслан Султанов, 7 (1:0), Эламан Мамытов, пенальтиден 42 (1:1), Эламан Мамытов, пенальтиден 49 (1:2)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Amantur_akjol
2019-10-08 00:38:01
Красавчик дордой Ош мэрия алайды Аскар салымбековго окшогон кишилерге эле бергиле карай албагандан кийин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан