Кытайдын Ланьчжоу шаарында баскетбол (3х3 стритбол) боюнча жаштар арасындагы Дүйнө Кубогу жыйынтыкталды. Баскетбол федерациясы SUPER.KG порталына билдиргендей, кыргыз баскетболчулары 4 оюн өткөрүштү.
"Кыргыз өлкөсү С тайпасына түшүп, анда Катар, Украина, Бразилия жана Италия менен кездешти. Бардык оюндарда жеңиш атаандаш тарапта болду. Башка командалар бир топ тажрыйбалуу болгондуктан, командалар ортосунда айырмачылык билинип жатты", - деди федерациядан.
Тайпадан Кыргыз өлкөсү 5-орунду алды.