Ирактын премьер-министри Адиль Абдул-Махди Багдад шаарынын чыгышындагы 13 адамдын өлүмү менен аяктаган кагылыштан кийин, ал жактагы аскер күчтөрүн полицияга алмаштырууну тапшырды. Бир катар маалымат каражаттары аскер жетекчилери Багдаддын Садр-Сити районунда "ашкере күч колдонгонун моюнуна алышты" деп жазышты. Бийлик ашыкча күч колдонгон командирлерди жоопко тартуу үчүн иликтөө баштаганы белгилүү болду.
Иракта өкмөткө каршы нааразычылык акциялар кагылышуулар менен коштолууда. Расмий маалыматка ылайык, бир аптадан бери токтобой жаткан тоз-тополоңдо жалпысынан 100дөн ашык адам каза болуп, ондогон киши жаракат алды.
Бийликке карата нааразычылык акциясы 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы.