12-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 136 миллион метр кубду түздү
12-августка карата Токтогул
суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 136 миллион метр кубду түздү. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз
кызматы билдиргендей, 2012-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч 17 миллиард 109
миллион метр кубду түзгөн. Аталган суу сактагычка суунун агып кириши учурда
секундуна 719 метр куб, суунун агып
чыгышы 314 метр кубду түзүүдө. Былтыр, 12-августта суунун агып кириши 478 метр
куб, агып чыгышы 416 метр кубду түзгөн.