Бишкекте бир сутка аралыгында 2 унаа күйүп кетти. Анын бири оңдоого жараксыз абалга келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти
Маалыматка ылайык, Кызыл куруучу калктуу конушунда бүгүн, 8-октябрь түнү Toyota унаасы толугу менен күйгөн. Дэн Сяопин кең көчөсү менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде Audi-100 унаасы күйүп, салону жабыркаган.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.