super.kg logo

"Бакай Банк" насыя үчүн пайыздык коюмду төмөндөттү

 

Урматтуу кардарлар, биз сиздерге насыя алуу боюнча пайдалуу мүмкүнчүлүктү сунуштайбыз. "Бакай Банк" ушул жылдын 1-октябрынан тарта улуттук валютада берилген насыянын айрым түрлөрүнө пайыздык коюмду төмөндөттү.

Жаңылоого мүмкүн болгон насыя линиясын ачууга мүмкүнчүлүк: бардык коммерциялык максаттар үчүн!

  • Каттоо үчүн минималдуу чыгаша;
  • Насыялоодо пайдалуу шарттар;
  • Насыяны жабууга ыңгайлуу иш тартиби;
  • Комиссия насыя линиясынын колдонулган бөлүгүнө гана алынат.

Коммерциялык насыялар үчүн жаңыланган пайыздык коюмдар:

  • 1 000 001 сомдон жогору болсо – 18-22 пайыз;
  • 20 001 доллардан жогору болсо – 15-20 пайыз;
  • 20 001 евродон жогору болсо – 12-18 пайыз;
  • 1 000 001 рублдан жогору болсо – 17-21 пайыз;
  • 5 000 001 теңгеден жогору болсо – 17-21 пайыз.

Насыя 5 жылдык мөөнөткө берилип, ар бир насыянын түрү үчүн эффективдүү пайыздык коюм түзүлөт.

"Бакай Банкта" коммерциялык насыянын 4 түрү бар. Алар: "Экспресс насыя", "Микро насыя", "Смолл насыя" жана "Корпоративдик насыя". Бүгүнкү күндө жеке ишкерликти өнүктүрүү үчүн эң көп суроо-талапка ээ болгон насыянын түрү "Микро насыя" болуп эсептелет.

Жеке ишкерликти өнүктүрүү үчүн "Микро насыя".

Насыялоонун максаты:

  • Товар айлантууну жогорулатуу, кирешени толуктоо;
  • Негизги каражаттарды алуу (жеке ишкерликти өнүктүрүү үчүн жабдууларды, автоунааларды, кыймылсыз мүлктөрдү алуу);
  • Инвестициялык кызыкчылыктар үчүн (турак жай курулушуна жана кыймылсыз мүлктөрдү оңдоп-түзөөгө);
  • Башка банктардагы жана каржы-насыя мекемелериндеги насыяларды алмаштыруу;
  • Бизнес үчүн керектөөчү катары насыя алуу.

Насыя алуунун шарттары:

  • документтерди кароонун мөөнөтү - тиешелүү документтерди тапшыргандан кийин 10 иш күнү эсептелинет;
  • насыя сом, доллар, евро, рубль жана теңге менен берилет;
  • эгерде кардардын насыя алуудагы шарттарды өзгөртүү суранычы негиздүү болсо, банк жеке шарттарды белгилеп берет.

Насыянын мөөнөтү:

  • кирешени көбөйтүү үчүн насыя – 3 айдан 36 айга чейин;
  • негизги каражатты инвестициялык максатка колдонуу – 3 айдан 60 айга чейин.

Артыкчылыктары:

  • пайдалуу пайыздык коюмдар;
  • насыяны толук төлөө үчүн ыңгайлуу иш тартиби – аннуитет (ай сайын төлөө) же ыңгайлуу иш убактысы;
  • арыздарды тез аранын ичинде карап чыгуу;
  • минималдуу документтер.

"Бакай Банк" ААКсынын мындан башка, насыяларынын түрлөрү менен кененирээк сайттан www.bakai.kg таанышсаңыздар болот.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70тен ашык сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.10.2019. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
580
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
13-10-2019 22:41
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары бир кымбат
09.10.2019. 08:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
525
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
13-10-2019 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+3
Өтө кымбатко кыргызстандын экономикасына туура келбейт.
09.10.2019. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
618
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
13-10-2019 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кымбат Кыргызстанга 6-7 %болсо гана ошону толосо болот .Бул ото кымбат актабайт.
10.10.2019. 04:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
12-10-2019 03:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер элдин канын соруп буттунор алдамчылар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132350;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: