22 жаштагы Лумина билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү, румыниялык Штефан Прикопиэ экономика тармагында "Нобель-юниор" сыйлыгына татыды. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат булактары жазып чыкты.
Штефан Прикопиэ быйыл Англиядагы Манчестер университетинин социалдык илимдер боюнча факультетин аяктаган.
"Нобель-юниор" сыйлыгы бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштерине ыйгарылат. Штефан Прикопиэ дипломдук иши катары билим берүү тармагына тиешелүү тема тандап, "Нобель-юниор" сынагынын кароосуна жөнөткөн. Бул жылы сынакка 50 өлкөдөн 338 окуу жай аталган сыйлык үчүн ат салышкан.
Сынакка 3 миң 400дөн ашуун дипломдук эмгектер көрсөтүлүп, жалпысынан 25 багыт боюнча сыйлык каралды. Сыйлык тапшыруу аземи ноябрда Дублин шаарында өтөт.