Өзгөчө кырдаалдар министри Боронов: "Өлкөдөгү чукул кырдаалдарга карата бардык техникалар даяр турушу керек"

Бүгүн, 12-августта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ӨКМнын бардык облустардагы жетекчилери жана өздүк курам менен он-лайн режиминде чукул жыйын өткөрдү. Министр август айынын башынан берки тоолуу райондордо тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен жүрүп жаткан селдердин жана суу каптоолордун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытындагы жер-жерлердеги аткарылып жаткан жумуштарга кенен токтолду. Жыйында айрым жерлерде жумуштардын аткарылуусу канааттандырарлык болбой жаткандыгы белгиленип, бул боюнча тиешелүү жетекчилерге чара көрүлөрү айтылды. Ошондой эле К.Боронов өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана анын кесепеттерин жоюуда  куткаруучулар жана техникалар ар дайым даярдыкта болушу керектигин айтып, күчөтүлгөн режимде иш алып баруу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан