Жайыл районунда өспүрүмдөр уурулук менен кармалышты

Чүй облусунун Жайыл районунда "бейбаштык" беренеси менен 17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү белгисиз жарандар Кара-Балта шаарында жайгашкан банктардын биринин банкоматын сындырышкан. Банкомат Кара-Балта шаарындагы дүкөндө жайгашкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелгендер 3-октябрда дагы бир кылмыш кылганы аныкталган. Алар ошол эле Кара-Балта шаарындагы дүкөндөрдүн биринин сырткы эшигинин кулпусун сындырып, 8 миң долларлык өлчөмдөгү айымдардын кийимдерин, 76 миң сом акчаны уурдап кетишкен.

Ыкчам иликтөөлөрүн негизинде бейбаштык боюнча шектелип, 17 жаштагы К.А. С.Д. жана 16 жашар У.С. М.А. аттуу жарандар кармалган. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу аныкталып, тергөө иштери жүрүүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn.bala
2019-10-08 17:10:30
Атандын оозуна урайын жубарымбектер.
0
muras111211
2019-10-08 22:17:04
Булардын келечеги эмне болот.
Терең ойлонсоңор болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан