Бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Бокс федерациясы SUPER.KG порталына билдирди.
Мелдеш 8-17-октябрь аралыгында Фужейра шаарында өтөт. Кыргыз өлкөсүнүн атынан 12 мушкер күч сынашат.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
46 килограмм — Кудретбек Сулайманов
50 килограмм — Алим Мачо
52 килограмм — Адилет Омуров
54 килограмм — Ихтияр Нишанов
57 килограмм — Ырыскелди Эмилбек уулу
60 килограмм — Азиз Сабиров
63 килограмм — Сагын Сатыбалды уулу
66 килограмм — Даниэль Абдурахман
70 килограмм — Бекбол Мурасбеков
75 килограмм — Кабатай Мукаш уулу
80 килограмм — Халит Алиев
80 килограмм — Арген Бактыбеков
Машыктыруучу — Улан Толонбай уулу