Чүй облусунун Токмок шаарында жашы жете элек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөттү деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Токмок ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБине 33 жаштагы Ч.Н. аттуу жаран 7-октябрь күнү чак түштө мас абалдагы жаран 10 жашар А.А. аттуу кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып арыз жазган. Ошол эле күнү 31 жаштагы Токмок шаарынын жашоочусу дагы 5 жаштагы Л.Ф. аттуу кызына сексуалдык ыдык көрсөтүп жатканын айтып даттанган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалган. Ошондой эле бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.