Бишкекте 11 жаштагы баланы коркутуп, арак сатып берүүнү талап кылды деп шектелип, 20 жаштагы кыз жана бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда 3-октябрь күнү саат 06:20 чамасында Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн жанынан 11 жаштагы балага белгисиз эки жаран арак сатып берүүсүн талап кылып, коркутушкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 20 жаштагы Н.Д. жана С.Н. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.