Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды.
45 жаштагы Тазабек Икрамов грек-рим күрөшү боюнча 70 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Ал 1/8 финалда венгриялык Золтан Шоллени 9:0 эсебинде жана чейрек финалда Финляндиянын спортчусу Олави Лейтону 9:0 эсебинде жеңип алган.
Жарым финалда Икрамов ирандык балбанга жеңилип, коло медаль үчүн түркиялык балбан Орхан Тикаци менен кез келген. Икрамов бул беттешти 4:0 эсеби менен жеңип, коло байге ээси аталды.