Жалал-Абад. Быйыл Ала-Бука районуна туристтердин баруусу төмөндөп кеткен
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаеванын айтымында, аталган районго бул жылы туристтердин баруусу төмөндөп кеткен. Буга кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелер терс таасир тийгизип, "Шах-Фазиль" тарыхый жайына баруучу чет элдиктердин саны азайып, ал жерге жергиликтүү тургундар гана барууда. "Аталган жай тарыхый жер болгондуктан, жергиликтүү окуучулар тарыхтан маалымат алуу үчүн барып турушат. Ал эми Кыргызстандын башка аймактарынан жарандар сыйынуу үчүн келишет",- дейт акимдин орун басары. Аталган жайды Маданият маалымат жана туризм министрлиги оңдоп-түзөөдөн өткөргөнү жатат. Ага кетчү каражат 7500 миллион сомду түзөт.